Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор бул мезгил башында 15-январдан 15-февралга чейин белгиленгенин эске салды. Бирок жарандардын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу мөөнөттөр узартылды.
Натыйжада жеңилдетилген кампания белгиленген акыркы мөөнөтсүз — белгисиз убакытка узартылды. Өткөөл мезгилдин ичинде эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык күчүн сактайт. Бул мезгил аяктагандан кийин мындай документтер жараксыз болуп, жаңы үлгүдөгү күбөлүктөргө милдеттүү түрдө алмаштырылат.
Кайрылуулардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик борбор жарандарды сабырдуулукка чакырып, ашыкча дүрбөлөң жаратпоону өтүнөт. Жеңилдетилген тартиптин узартылышы алмаштыруу жол-жобосун шашпай жана ыңгайсыздыктарсыз өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Тейлөөнү тездетүү үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
бөлүмдөргө баруудан же онлайн арыз тапшыруудан мурун паспортту жана эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү даярдап алуу;
административдик айып пулдардын бар-жогун алдын ала текшерип, зарыл болсо төлөө, анткени төлөнбөгөн айып пулдар кызмат көрсөтүүнүн кечеңдешине себеп болушу мүмкүн.
Айдоочулук күбөлүктөрү санариптештирилбеген жана «Түндүк» системасында көрүнбөгөн жарандар тиешелүү филиалдарга жеке кайрылуусу зарыл. Калган жарандарга бөлүмдөргө барбастан онлайн форматты колдонуу сунушталат.
Мөөнөттөр жана этап-этабы менен алмаштыруу боюнча кошумча маалыматтар ММКлар жана мамлекеттик маалыматтык каналдар аркылуу расмий түрдө жарыяланат.