Гарантиялык фонд ата мекендик жыйнактагы автоунааларды алгачкы төлөмсүз сатып алууга мүмкүнчүлүк берген «Унаа» аттуу жаңы продуктту ишке киргизди.
Программа жеке адамдарга, жеке ишкерлерге жана компанияларга жеткиликтүү. Өнөктөш банктар катары мамлекеттик «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» катышууда. Гарантиялык фонд каржылоонун суммасынын 30%га чейинки бөлүгүн жабууга даяр. Долбоор 2024-жылдын май айында бекитилген «Автокредиттерди жеңилдетилген каржылоо» программасынын алкагында ишке ашырылып, 2028-жылга чейин күчүндө болот.